www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын укуругуна ким ээ болот?

 

"Уулум сага айтам УКМК сен ук, кызым сага айтам КГБ сен ук” –деген кеп бар. УКМКнын ата-теги “КГБ” учурунда Москванын буюртмасы боюнча жер-жерлерде  бийликке көз кырын салып турган. Владимир Рябокондон соң Кыргызстандагы “үч тамганын” жетекчилиги титулдук калктын өкүлүнө өтүп, советтик акыркы “кгбчы” Асанкулов Жумабекке болгон. 1991-жылы бул кызматка Бакаев Анарбек келип, көп жыл иштеген соң, авариядан улам оор абалга кабылып, 47 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. Андан соң бул ишке 1997-жылы алчы-таасын таанып, Кыргыз ССРинин Ички иштер министри, Кыргызстандын вице-президенти, Чүйдүн губернатору болгон Феликс Кулов болгон. Куловдун ордун Аскар Акаевдин “доссекретары” Мисир Ашыркулов ээлеген.

Курманбек Бакиев учурунда узакка отурган Мурат Суталинов эле, ал 2006- жылдан 2010-жылга чейин улуттук коопсуздукту жетектеген. Суталинов 2010-жылдагы бийлик алмаштырууда айыптуу катары табылып 20 жылга эркинен ажыратылган. Ден соолугуна байланыштуу 2019-жылдын 7-майында сот залынан эркиндикке бошотулган.

Ал эми Алмазбек Атамбаевдин заманында Абдил Сегизбаев бул орунду ээлеген. Кесиби журналист, Акаевдин заманында президенттин пресс-катчысы катары Ак үйдө бийлик алмашкан учурда элдин колуна түшүп калып, жетиштүү энчисин алган соң, Акаевдин ок-дарылары кайсы жерде жашырылып жатканын ачыкка чыгарган. Атамбаев учурунда жеке ишенимге кирген “ефрейтор” наамындагы Сегизбаев түз эле барып генералдык орунга УКМКнын жетекчилигине барган. Ошол учурда Сегизбаевдин мындай саясий карьерасынын тез өскөнү, Атамбаевдин мурунку кайын-журту Теңизбай менен Сегизбайдын туугандыгын айтыша турган.

2018-жылы бул орунга Кадыркулов Идрис Анарбекович келген. Мунун кызматына кара бойок сүйкөгөндөрдүн бири бир тууган агасы, “Түндүкэлектро” акционердик коомунун жетекчиси Кадыркулов Искендер  Анарбекович дешет. Балким, учуру келсе Кадыркулов Искендердин  да айтылбай жаткан иштери да анык болор. Бирок, азыркы мезгилде башкы элди бүйрүн кызытып турган маселе анын иниси, УКМК жетекчиси Кадыркулов Идристин ордуна УКМК жетекчилигине ким келер экен?

Булак: “Назар ньюс”

Последние новости