www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Катар менен украин курал-жарактарын жана дрондорду жеткирүү боюнча он жылдык келишимдерге кол коюлганын билдирди.
Зеленский X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Жакынкы Чыгыш жана Перс булуңундагы 11 өлкөдөн буга чейин суроо-талап түшкөнүн белгиледи.
Мындан тышкары, анын айтымында, расмий Киев акырындык менен Түштүк Кавказды да (Азербайжан, Армения, Грузия) карап жатат.
Украин лидери ошондой эле курал-жарактарды Украинада жана башка өлкөлөрдө биргелешип өндүрүү пландалып жатканын кошумчалады:
"Европа өлкөлөрү менен, атап айтканда Германия, Италия, Норвегия, Швеция жана Нидерланддар менен иш башталды" деп белгилеген.