www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украиналык депутат Алексей Гончаренко АКШ президенти Дональд Трамптын Украина боюнча тынчтык планын жарыялады. Документте төмөнкү негизги жоболор камтылган:

Аймактык маселелер

Крым, Луганск жана Донецк де-факто россиялык аймактар катары таанылат

Херсон жана Запорожье фронт сызыгы боюнча «тоңдурулат»

Украина Донецк облусунун бир бөлүгүнөн аскерлерин чыгарат. Ал жерде демилитаризацияланган буфердик зона түзүлөт

Коопсуздук жана эл аралык статус

Украина НАТОго кирбөө боюнча конституциялык милдеттенме кабыл алат

Альянс Украинага мүчө болбостугун мыйзам менен бекитет

Куралдуу күчтөрдүн саны 600 миң адам менен чектелет

Украина аймагында НАТОнун аскерлерин жайгаштырууга тыюу салынат

Украина өзүнүн ядросуз макамын сактап калат

Энергетика

Запорожье АЭСи МАГАТЭнин эл аралык көзөмөлү астында иштетилет

Өндүрүлгөн электр энергиясы Россия менен Украина ортосунда тең бөлүштүрүлөт (50/50)

АКШ жана Украина газ инфраструктурасын, анын ичинде куурлар менен сактоочу жайларды калыбына келтирүү жана модернизациялоо боюнча кызматташат

Экономикалык аспектилер

Россияга карата санкциялар этап-этабы менен алынып, өлкө дүйнөлүк экономикага кайтып келет

Россия G8 курамына кайтууга чакыруу алат

Украинаны калыбына келтирүү фонду түзүлөт. Ага тоңдурулган россиялык активдерден 100 млрд доллар багытталат

АКШ жана Европа украин инфратүзүмүн жана экономикасын калыбына келтирүүгө инвестиция салышат

Кепилдиктер жана аткарууну көзөмөлдөө

АКШ Украинага коопсуздук кепилдиктерин берет

Макулдашуунун аткарылышын көзөмөлдөө үчүн америкалык-россиялык жумушчу топ түзүлөт

Россия Европага жана Украинага каршы кол салбоо саясатын мыйзамдаштырат

Ядролук куралды жайылтпоого байланышкан келишимдер узартылат

Гуманитардык маселелер

Туткундардын толук алмашуусу жана жарандык барымтадагыларды кайтаруу жүргүзүлөт

Украина келишимге кол коюлгандан 100 күндөн кийин шайлоо өткөрөт

Конфликтке катышкан бардык адамдарга толук амнистия берилет

Документ бардык тараптар тарабынан кабыл алынгандан кийин дароо ок атышууну токтотууну жана келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн Дональд Трамп төрагалык кылган Тынчтык кеңешин түзүүнү карайт.

Мурда Axios булактарына таянып, Украина президенти Владимир Зеленский АКШ армиясынын министри Дэниел Дрисколл менен тынчтык планга «кыска мөөнөттө» кол коюу боюнча макулдашканын билдирген. Ошондой эле Зеленский бул документ боюнча Трамп администрациясы менен иштөөгө даяр экенин тастыктаган.

 

Последние новости