www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын куралдуу күчтөрүнө болгон өзүнүн элинин ишеними азайып бара жатат. Бул тууралуу Berliner Morgenpost басылмасынын баяндамачысы Ян Йесен жазгандыгын РИА Новости маалымдайт..

“Акыркы айлардагы оптимизм көп жерден кооптонуу коштогон жагдайларга орун бошотту. Талкууларда бир нече жолу айтылып келген кооптонуу — эгерде стабилдүү жана ачык көрүнүп турган аскердик ийгиликтер болбосо, Батыш өнөктөштөрүнүн колдоосу азаят. Тез арада болчу жеңишке болгон үмүт өчө баштайт”, — деп айтылган материалда.

Материалдын автору украиналыктардын дымагына жакындап келе жаткан кыш өзүнүн таасирин тийгизип жатканын белгилеген.

Анын айтымында, алар Россиянын чабуулдарынан кайрадан караңгылык менен суукта калуудан кооптонууда. Материалда украиналык коом Батыштын бир катар мамлекеттеринин Украинанын Куралдуу күчтөрү сураган куралдарын бербей жаткан “чечкинсиздигине” түшүнбөй жатканы белгиленген.

Украина 4-июнда Түштүк Донецк, Артемск, Запорожье багыттарына НАТО даярдаган аскерлер менен чет элдик куралдарды салып контрчабуулун баштаган. Президент Владимир Путин каршылаш тарап белгиленген жыйынтыкка жете албай, ал эми буга контрчабуулдун жүрүшүнө Батыш кураторлорунун көңүлү сууганын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости