www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши катталып, жыйынтыгында каракчылыкка шектелген эки жаран кармалганы айтылат.

"Жаран 1992-жылы туулган Д.М. 2023-жылдын 18-январь күнү Бишкек шаарындагы кафелердин биринде эс алуу учурунда Максат аттуу чала тааныш адам жана белгисиз үч адам менен белгисиз үлгүдөгү тапанча жана бычак менен коркутуп, “Редми-9” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, акча каражаттарын тартып алышканын билдирген арыз жазган.

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, бул кылмыш ишке шектүү катары Ысык-Көл облусунда жашаган 1989-жылы туулган К.М. кармашкан. Ал УКТнын активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана мурда каракчылык, тоноо, опузалап талап кылуу ж. б. бир нече кылмышты жасоого шектелип соттолгон.

Ошондой эле, анын шериги Россия Федерациясынын аймагында каракчылык үчүн бир нече жолу соттолгон 1990-жылы туулган Т.М. кармалган.

Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости