www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин укук коргоочулардын көпчүлүгү соттордун чыгарган чечимин сындап, нааразы болуп, жогору жактын буйругун гана аткаруу менен алек болуп калды деп сындашчу. Ал тургай ишеним артпаган соттордун кара тизмесин түзүп, жогору жактагылар сотторду кызматка даярдоодо эл ишениминен чыккан сотторду эске алышса экен деген таризде иш кылышчу.

Бүгүн бийликтин укуругу соттор тарапка ыргытылып, туура эмес чечим чыгарган соттор жоопкерчиликке тартыла баштаганда айрымдары аларга араачы түшкөндөй пикирлерин билдире баштады.

Маселен Рита Карасартова “судьяларды жоопкерчиликке тартууда кылдаттык керек. Болбосо, кээ бир учурда муну "кампанейщинага" айлантып жиберген учурлар болот” деди. Рита айымга кошулабыз, бирок сот системасын да калыпка салып, калпыстыкка жол бергендерин жазалабаса, нааразычылык күчөй берсе кантебиз. Же укук коргоочулар багытын өзгөртүп, кечээги текеберленип, теңине алгысы келбеген соттордун укугун коргоону көздөп жатышабы? 

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости