www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 19-мартында Ички иштер министрлигинде онлайн форматта кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеге ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков, ошондой эле аймактык ички иштер органдарынын жетекчилери катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө ички иштер органдарынын 2026-жылдын биринчи чейрегиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын ийгиликтүү жабуу жана мамлекеттик деңгээлде өткөрүлө турган иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо жөнүндө маселелер каралды. 

2026-жылдын 20-22-март күндөрү ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Коомдук жайларда, мечиттердин айланасында жана майрамдык иш-чаралар өтүүчү аймактарда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, кайгуул кезметтеринин саны көбөйтүлөт. Жалпысынан коомдук тартипти сактоого 12 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат. 

«Коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо ички иштер органдарынын негизги милдети бойдон калууда.

Майрам күндөрү иш-чаралардын тынч жана уюшкандыкта өтүшүн камсыз кылуу зарыл, айрыкча жол коопсуздугуна көңүл буруп, чыр-чатактуу кырдаалдарды алдын алуу жана ар кандай коркунучтарга ыкчам чара көрүү керек.

Кырдаалды туруксуздаштырган ар кандай аракеттер, жалган маалыматтарды таратуу жана чагымчыл аракеттер өз убагында аныкталып, катуу бөгөт коюлат»,- деп белгиледи Улан Ниязбеков.

Кеңешменин жыйынтыгында, жарандарды адаштырууга алып келиши мүмкүн болгон же коомдук тынчтыкты бузган чагымчыл аракеттерди, жалган маалыматтарды таратууну жана башка факторлорду аныктоо, бөгөт коюу боюнча ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

 

Последние новости