www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Улан мырза, контрабанда чын эле болуп көрбөгөндөй көбөйүп кеттиби?

- Контрабанда боюнча биздин мамлекетте мурунтан эле проблема бар. «Контрабанда жок» десек, уят болот. Бирок, аны таптакыр жоюп салганга саясый эрк болбой келген. Бүгүнкү күндө маселе кабыргасынан коюлуп, аны кан буугандай токтотуу, максималдуу түрдө иш-чараларды алып барууга мезгил келди да. Контрабанда коррупциянын негизги очогу. Аны токтото алсак, ишкерлерге, баарынан дагы өлкөнүн бюджетине чоң жардам болот. Ошондуктан, тийиштүү органдар ушул жаатта иш алып баруусу, чара көрүүсү кажет.

- Ошондой иштер жүрүп жатабы?

- Бизге - депутаттарга берилген маалыматтар боюнча иштер жүрүүдө, Бирок, жер-жерлерде кандай деңгээлде жүрүп-жатат - бул суроо...

- Кесиптешиңиз, депутат Карамушкина «президентке импичмент жарыялоо керек» деп чыкты...

- Президент Сооронбай Шарипович Конституцияда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Демек, импичментке негиз жок. Бирок, мен ойлойм, мамлекетибизге чынында биримдик жана туруктуулук керек. Анүчүн элдин көйгөйүн уга жана чече билүү маанилүү.

- Өткөндөгү митингге чыккандардын талаптары негиздүү деп ойлойсузбу?

- Демократиялуу коомдо адамдар да демократиялуу ой жүгүртүп, ой-пикирлерин ачык айтууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок, кээ бир учурларда ашачапкандык болуп жатат. Митингчилердин коррупцияга бийлик көңүл буруп, чара көрүүсүн талап кылганы туура. А бирок, Матраимовду «камалсын» дегендери менимче ашачапкандык. Анткени, анын күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот аныктайт. Алдын ала бирөөлөрдү «коррупционер» дегенден алыс болсок.

Дария БАЙКЕЛОВА

Булак: "АЗИЯnews"

 

 

 

Последние новости