www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусияга Канттагы авиабаза аркылуу учканы бир нече тарапташтары менен жолго чыкты. Атамбаев андан сырткары журналисттерге Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө журналисттердин суроолоруна кыска маалымат берди.
«Эртең, 25-июлда саат 19:00дө кайтып келемин. Кант авиабасынан учамын», - деди Атамбаев.
Бул көрүнүшкө “Ак калпак”саясый партиясынын төрагасы Улукбек Маматаев:
--Биринчиден Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кеткенкени тууралуу айта турган болсом, Кыргызстан дагы бир жолу эгемендүү мамлекет эмес экендигин өзүм көрүп өкүнүп олтурамын. Кыргызстандын ички саясатына сырткы күчтөр өзгөчө Россия мамлекетинин мамлекет башчысы Путиндин саясаты бизге түздөн-түз сырттан башкарып турганы далилдеп көрсөттү. Биздин мурдагы жана азыркы бийлик Россияны эле угуп келе жатканы өкүнүчтүү. Баарыбызга белгилүү болгондой кечээ жакында эле эки мамлекеттин президенти жолукканда Атамбаев тууралуу сөз болгону ачык айтылбаса да түшүнүктүү. Жээнбеков Атамбаев тууралуу чечкиндүү кадам жасаса жакшы болмок. Атамбаевдин Орусиянын Кант авиабазасы аркылуу учканы, мамлекеттин эгемендүүлүгүнө терс таасирин тийгизди. Путин Атамбаевди толугу менен колдойт жана сактайт. Анткени, Атамбаев президент болуп турганда Орусияга Кыргызстандын болгон баалуу байлыктарын өткөрүп берген. Бул көрүнүш өтө терс. Эгерде Атамбаев Россиядан кайра келе турган болсо бийлик кайра Атамбаевдин колуна өтөт”- деди.
Эске сала кетсек, ушул жылы 27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Ошентип Атамбаевге кылмыш иши козголуп, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча үч жолу Атамбаевди суракка чакырылганы менен барбай койгон.
Кечээ, 22-июлда Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы Хан сарайына ИИМдин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барганы менен үйүнө кирбей кайра кайткан.
Булак: NazarNews.kg