www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк кийинки жылы күмүштөн жасалган 2 500 коллекциялык тыйын чыгарат. Анын ичинде 500 сомдук номиналдагысы биринчи ирет сунушталарын башкы банк билдирди.

Мекеменин сайтында "Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары" сериясынын алкагында "Бешикке салуу" деп аталган 10 сомдук номиналдагы 1000 тыйын чыгарылары маалымдалды.

Ал эми "Тарыхый окуялар" сериясындагы 1500 коллекциялык тыйын төмөндөгүдөй аталыштар менен басылат:

"Сомго 30 жыл" — 10 сомдук номиналда 1000 даана;

"Тиричилик буюмдары: тай туяк" — 500 сомдук номиналда 500 даана.

Эгер Улуттук банктын буга чейин чыгарган коллекциялык тыйындарына анализ жүргүзсөк, бул эң жогорку номинал болуп саналат. Мурда эң жогоркусу 100 жана 200 сомдук алтын тыйындар болчу.

Эске салсак, бул тыйындар номиналында көрсөтүлгөн баада эле сатылбайт, алда канча жогору турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости