www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-июлда КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын түзүлгөн күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук гвардиянын басма сөз кызматы билдирди.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев, КР КК Улуттук гвардиясынын колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагери генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, аскер кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар аскер кызматкерлерине кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн тырышчаактыгы, кызматтагы жетишкендиктери, жогорку кесиптик чеберчилиги ошондой эле спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин жана КР КК Улуттук гвардиясынын колбашчысынын буйругу менен дипломдор, грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды. 

"Салтанаттуу бөлүк аскер кызматчылардын кол уруш боюнча ыкмалары, аскердик оркестрдин дефиле көрсөтүүсү менен уланып, Улуттук гвардиянын «Алга, гвардия» маршы жана аскер кароолунун салтанаттуу маршы менен аяктады. 

Майрамдык салтанаттын соңунда аскер кызматчылар жана коноктор үчүн Улуттук гвардиянын аскердик оркестри тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланды", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости