www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ 9-сентябрда Улуттук-мекенчил күчтөрдүн курултайын өткөрүү боюнча туруктуу иш алып барып жаткан аткаруу комитетинин кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу аталган биримдиктин аткаруу кеңешинен кабарлашты.

Ал маалыматка ылайык, кеңешменин күн тартибинде аткарылган иштер жөнүндө маалымат берилип, жыл аягына чейинки иш-чаралар аныкталган. Алар:

1. Конституцияны жаңылоо боюнча элдик демилге менен 12 миң 700 адамдын колу топтолуп, КРнын Жогорку Кеңешине тапшырылган маселенин аягына чыгуу;

2. Жер-Үй маселеси боюнча 1-октябрь күнү Таласта уюштурулуп жаткан элдик жыйын жөнүндө;

3. Кой-Таштагы 2019-жылдын август окуясына саясий-юридикалык баа берүү боюнча Коомдук комиссия түзүү.

Ошондой эле мындан башка да маселелер каралып, бир добуштан колдоого алынды. Быйылкы жылы күздө өтө турган курултайдын датасын так белгилөө азырынча эрте экендиги айтылып, ошол эле мезгилде 24-ноябрдан кечикпей сөзсүз өткөрүү зарылдыгы баса белгиленди.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости