www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттун улуулугун даңазалаш үчүн сөзсүз бийликтин бийик тепкичинде олтуруунун зарылчылыгы жок экенин далилдеген азаматтарыбыз арбын. Алар жасаган эмгегин ар качан милдет кылып айта беришпейт. Маселен, «Манас» эпосунан сүрөттөр түшүрүлүп, каада- салттар чечмеленген дептерлер сатыкка чыкты. Дептерлер 16, 32 жана 48 барактуу болуп ичиндеги сүрөттөр, түшүндурмөлөр бири-бирине окшошпойт. Дептердин сырткы жана биринчи бетинде «Манас» эпосунда колдонулган сейрек сөздөрдүн түшүндүрмөсү, кыргыз эли колдонуп келген ырым-жырымдардын чечмелениши, манасчылардын өмүр жолу сунушталып, Теодор Герцен тарткан сүрөттөр пайдаланылган. Демилге белгилүү манасчы Улан Исмаиловго таандык болуп, дептерлер «Саякбай манасчы» фондусу тарабынан чыгарылган. Мындай жакшы саамалыкты өз учурунда бали деп колдоп койсок, эч ашыкча болбойт.

Булак: “Мантыш”

Последние новости