www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-майда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Улуу Британия "Gangmasters and Labour Abuse Authority" (Эксплуатациялоого жана эмгек мыйзамын бузууга каршы аракеттенүү кызматы) өкмөттүк уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда Эмгек министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору менен аталган уюмдун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

"Бул кызматташуу жөнүндө меморандум Улуу Британияда убактылуу айыл чарба секторунда иштеген КР жарандарынын мыйзамсыз ишке орношуусуна каршы аракеттенүүгө жана алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, аларга маалыматтык-укуктук жардам көрсөтүүгө багытталган. Өткөн жылдан бери мамлекеттер аралык келишимге ылайык, кыргызстандыктар Улуу Британияга сезондук айыл чарба иштерине барышат, келишим аларды коргоону күчөтүү максатын көздөйт", - деди Базарбаев.

Эксплуатациялоого жана эмгек мыйзамын бузууга каршы аракеттенүү кызматы Улуу Британиянын өкмөтүнүн айыл чарба тармагындагы сезондук жумуш программасынын операторлорун аккредитациялоо жана чет өлкөлүк жарандар үчүн аталган өлкөдө иштөө жана мыйзамсыз жумушка орношуунун алдын алуу үчүн милдеттүү болгон операторлорго лицензиясын берүү үчүн ыйгарым укуктуу уюм болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости