www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан кайрадан Кытайга газ экспорттой баштады. Бул тууралуу өзбек басылмалары Кытайдын Башкы бажы башкармалыгына шилтеме кылып кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, Өзбекстан апрелде Кытайга 40,47 миллион долларга газ экспорттогон. Январь-март айларында газ сатылган эмес.

Өзбекстандын Статистика комитети кабарлагандай, өткөн айда газдын жалпы экспорту 90,5 миллион долларды түзгөн. Бирок бул сумманын канчасы кайсы өлкөгө тиешелүү экени көрсөтүлгөн эмес.

Өзбекстан 2022-жылы чет өлкөлөргө 910,9 миллион долларга газ экспорттогонун билдирген. Ошол эле маалда кытай тарап былтыр 1,07 миллиард долларга өзбек газын импорттогонун кабарлаган. Бул Өзбекстандын маалыматындагы суммадан 159,5 миллион долларга же 18,2% көп.

Өзбекстандын энергетика министрлиги Журабек Мирзамахмудов эки өлкөнүн маалыматтарындагы айырмачылыкты Кытай түркмөн газынын экспортун да кошуп эсептеп жатканы менен түшүндүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости