www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уран тууралуу жылма сөздөр башталды. Жогорку Кеңеште Уранды иштетүү боюнча маселени өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев көтөрдү.Урандын казылышын колдой турган Кожобек Рысбаев сыяктуу депутаттар деле жок эмес. Ал: «Уранды сатпасак радиоактивдешип кетип, элге зыяны тийет, жаңы технологиялар менен аны казып, ташып жоготуш керек. Уран бул акча, сиздин айлык, биздин айлык. Уранды сатпасак айлыкты каяктан алабыз? Урандан өлүп калабыз деп түшүнбөй эле ызы-чуу кылуунун кереги жок. Өлсө башка элдин бары өлүп калмак»-дегенин эл унута элек.

"Таш-Булак" кени боюнча эл анын иштетилишине каршы чыгып, нааразылыгын айтып, кен казабыз деген шылтоо менен жердин үстүнкү катмары ачылса эмне болуп кетет дегендер да болгон. «Уран» - жогорку радиациялуу элемент, ал эмес вулкан атылган жерлерде урандын курамы болот экен.Уран кендери Тоң районун Кочкор району менен чектеш түндүк капталында жайгашып, геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кызыл-Омполдун уран-торианит чачыранды кендерине Баке, Таш-Булак, Узун-Сай, Түндүк, Оттук кендери кирет. Урандын рудадагы орточо өлчөмү 0,052 пайыз. Руданын кору жана ресурсу: Уран 3 500 тонна, торий – 8 540 тонна, фосфор -10 000 тонна, цирконий - 34 000 тонна жана титаномагнетит – 1 600 000 тонна. Урандан «Уран-238» алынат. Кен жаткан жердин аймагы абдан чоң. "Таш-Булак" кенинде ренит чачырандысы кесек түрүндө жайгашкан. Уран, торий, цирконий, фосфор, титаномагнетит — бардыгы жөнөкөй кумда болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

 

 

Последние новости