www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанында анын тарапкерлеринин штабы түзүлдү.

Мындай кадамга Башкы прокуратуранын Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна берген бүтүмү себеп болгон. Ал эми  учурда экс-президенттин үйүнүн жанындагы көчө боюнда бир нече боз үй тигилип, эл топтолуп жатат.

Бүгүн, 25-июнда парламенттин тармактык комитети экс-президентти кол тийбестик макамдан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна карата Башкы прокуратура берген бүтүмдү караган. Жыйында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттык комиссия койгон айыптардын арасынан экс-президенттин «өз кызыкчылыгы үчүн бардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш топ түзүп, ага каршы сүйлөгөндөрдү куугундуктады» деген кинеге катышы жок деп табылганын, калган бешөө боюнча кылмыштын белгилери бар деген бүтүм чыгарылганын жарыялады. Алар - «Кой-Таштагы үйүнүн жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, ЖЭБге көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деген айыптар.

Парламент 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Башкы прокуратуранын Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча корутундусу ушул шаршемби же бейшембиде жалпы сессияда каралмай болду.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 22-июнда да Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен жолугушуп, анда сүйлөгөн сөзүндө өзүнө коюлган айыптарды четке каккан. Сотко да барбай турганын, керек болсо курал менен коргонорун жарыялады. Саясат талдоочулар мурдагы президенттин кескин билдирүүсү Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна терс таасирин тийгизерин эскертип, бийлик менен оппозицияны ымалага келүүгө чакырып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости