www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Уранда зыян бар!” мына ушундай пикирин бүгүн, 10-октябрда депутат Алмамбек Шыкмаматов ЖКнын ар кыл маселелер боюнча жыйынында айтып чыкты.
Шыкмаматовдун айтымында, союз маалында Миң-Кушта уран казылчу, аны Кара-Балтадагы комбинатта иштетчү. Ошол урандын зыяны болгону үчүн ал жактар өзгөчө зонага киргизилип, Москвадан каржылоо болуп турган.
“Эми, мына “Восток” деген фирма, баарыбыз ошонун ырын ырдап атабыз, ошол азыр Кара-Балта, Миң-Кушту ошондой “особый” кылып, компенсация төлөй алышабы? Ошол элдин тарткан зыянын төлөп бере албайт да”, -дейт эл өкүлү.
Депутат бул сөзү менен жергиликтүү элге компенсация төлөөнү, аны өкмөт талап кылышы керек экенин кыйытты.
Эске сала кетсек, жыйында эл өкүлдөрү уран казуу боюнча өкмөттүн мыйзам долбоорун карап, жоопторун тыңдашууда.
Булак:NazarNews.kg