www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Эч болбосо, кеч болсун”,- демекчи, кыргыз өкмөтү элдин каршылыгынан кийин ары карап ыйлап, бери карап күлүп отуруп, акыры уранды иштетүүгө жана изилдөөгө тыюу салды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөт кабарлады. Мындан ары радиоактивдүү элементтерди, анын ичинде уранды геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынмакчы.
Мындай чечим Жогорку Кеңештин буга чейинки “Кыргызстандын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомун аткаруу максатында кабыл алынды.
Ошол эле учурда бул буйрук радиоактивдүү элементтердин калдык сактоочу жайларын жана кен калдыктарын рекультивациялоо боюнча иштерге тыюу салбайт.
Албетте, туристтик маал жакындап баратканда туризмдин мекени болгон Ысык-Көлгө бараткан жол боюндагы Кызыл-Омпол аймагында уран казуу бери эле дегенде бийликтин өзү отурган бакты астынан кыйган кемчонтойлугуна барабар болчу. Анткени кен казылган аймактан чыккан уулуу заттар чет элдик туристтерди жаа боюу качырмак. Бул деген жыл боюу болгону эки айга созула турган туристтик маалды күткөн көлдүктөрдүн үмүтүнө суу сээп, миллиондогон сом кирешеден куржалак калтыруу эмеспи. Ал эми урандан алына турган киреше боло жүргөндөй эле кимдир-бирөөлөрдүн сол чөнтөгүнө түшөрү айдан ачык болчу.
Бирок ушул уранды казуу лицензиясын ким, кайсыл президенттин тушунда берилгендиги же анын артында ким тургандыгы табышмак бойдон кала берди...
Булак: “Майдан.kg” гезити