www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Урмат иним, жаңы президенттин кадрдык маселелери боюнча оюңду уксак?
- Кадр маселеси президенттин аброюн күндөн-күнгө кетирип жатат. Башкасын айтпайлы, өкмөттү сунуштаганы, Бишкек шаарынын мэрин тандоосу. Анысы аз келгенсип, «шайлоодо иштеп бердик» деген негиз менен ар бир орун талашуулардан ички сырлар сыртка чыга баштагандай. А чын-чынына келгенде шайлоодо бир да бай же бир да чиновник элге бара алган эмес. Эл өзү Садыр Жапаровду шайлап берди. Аны эч ким колко кылбаш керек. Мурунку Сооронбай Жээнбековдун маалындагы «Ормон опуза» б.а., «биз шайлоодо иштеп бергенбиз» дегенди азыркы Садыр Жапаровго да колдонуп жатышат.
- Президент учурда ишти эмнеден баштаса дейсиң?
- Президент кайсы ишти баштабасын, өтө оор. Биринчиден, мамлекет өтө эле коррупциялашып калган. Экинчиден, өзүнүн айланасындагы адамдардан премьер болбогону да бир аз ишти жылдырбай жатат. Азыр премьер-министр, президент өздөрү иш баштай албай отурушат.
Менимче, Садыр Жапаров учурда баардык ишти жыйыштырып туруп, айыл чарба багытында иштерди колго алуу менен баштаса, мисалы, күйүчү майларды, сапаттуу үрөндөрдү жана жер семирткичтерди толук камсыз кылуудан баштаса оң болгону турат. Ошону менен бирге дыйкандарга баардык шарттарды түзүп берсе дейм. Андан соң инвесторлорду колго алуу кажет.
Ички инвесторлорду чогултуп, «кандай кылабыз? Ишти эмнеден баштайбыз? Канткенде экономиканы көтөрөбүз?» десе болмок. Ошондо ар бир инвестор шартын айтмак. А бизде болсо инвесторлорду үч орган: финпол, прокуратура, салык инспекциясы «талап-тоноп» жатышат. Булардын «талоосуна» калтырбаш керек эле.
Булак: Азия News гезити