www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ислам дининен башка диндер алардын чиркөө сыяктуу жайлары деле бар. Бирок биздин исламдын муфтийиби башка аалымдарыбы жылга аз болгондо эки-үч жолу чуулгандуу иштерге кабылышат.
Мисалга бизде мечитке намазга баргандар бири-биринин жаңы бут кийимин уурдап кийип кетмейи көнүмүш. Жакында эле Жамалбек Ырысалиев деген иним "Намазга барып бут кийими жок калдым" - деп арызданып жүрдү.
Андан көп өтпөй дагы бир мечитке намазга барган азамат, даарат алган бөлмөгө кирип кеткенде намазга барган дагы бир эргул 700 миң сомун уурдап кетиптир. Кудайга шүгүр тасмага түшүп калган экен. Сакалчан ууру кармалды. Ал эми орус чиркөсүнүн Патриархы жөнүндө кандайдыр бир ишке илээшип чууга кабылганын уга элекмин. Чиркөөгө сыйынганы баргандарда болсо ал жерде уурулук кылат деген түштөрүнө кирбеген иш экен.
Себеби эмнеде? Алар Жараткан Кудайга так ишенип, динди таза сактап бардык эрежелерди туура кармап такыба иш кылышабы? Биздикилер ооздору менен бирди айтып иш жүзүндө башканы жасай береби? Мечитке барып намаз окугандар Жараткан Кудайга чындап ишенеби? Ишенсе эмнеге Кудайдын үйүндө уурулук кылышат? Эгер жаратканга так ишенбесе Жараткан Кудайды ортомчу кылбай эле уурулугун, жана башка ыплас иштерин намазга, динге аралаштырышпай башка жерде жазай беришпейби. Менин бир таанышымды теңтуштары "Түшкө чейин ислам, түштөн кийин Иван" - деп коюшат.
Себеби аялы үйдөн катуу толгогондуктан түшкө чейин "Мен намаз окуйм. Ичпейм" - деп элге кошулуп мечитке кирип намаз окуп калат да кечинде эле ылжып мас. Мен болсо аны жоолуккан сайын урушам "Ичсең Жараткан Кудайды, намазды ортомчу кылбай эле ичпейсиңби?" - деп. Деги эле Кыргыздардын динге таза ишенүү маселесине келгенде чоң проблема бар. Анан баары такыба тазадан бетер муфтийди коргосо таң каласың. Эгер ислам динине терең түшүнүп Жараткан Кудайга чындап ишенишсе муфтийди коргоштон мурда "Жараткан Кудайдын ыйык үйүндө андай арам иш болбошу керек. Күнөө кылгандар жазалансын" - деп чыгуулары керек эле го. Ошондо бул жагы кандай болуп калды? Жараткан Кудай жолуна эмес муфтийге ишениш керекпи?
Чолпонбек Абыкеев, жазуучу
Булак: NazarNews.kg