www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Алмамбет Шыкмаматов “билсең саяк, билбесек башыңа тийген таяк” дегендей Шыкмаматов саяк. Бул депутаттын эртеңки тагдыры мени гана эмес, бир топ нарындыктарды ойлонтуп турат. Менимче бүгүнкү бийлик, эртеңки кадамын ойлонбой олжоңдоп басып турган мезгили. Бийликтин кадамы жаман деген Бакиевден өтүп, жасап жаткан иши сөөктөн чучукка жетти”, - деди “Теңир Тоо ынтымагы” коомунун жаштар төрагасы Урматбек Акунов.

“Билесиңер бийлик элди коркутуп ой максатына жеткен эмес. Ошол заматта аңтарылып түшүп алды-алдына тараганга мезгил жетти окшойт. Ачык эле айтып коюшум керек. Нарындыктар Алмамбет Шыкмаматовго колдойбуз. Эртең УКМК аны камакка алабы же жокпу ошого жараша арекет кылабыз. Дагы кайталап айтып койоюн, Шыкмаматов билсеңер саяк, билбесе кимдир бирөөнүн башыңа тийген таяк” болот, ал күчтүү адам”  - дейт Урмат Акунов.

Канткен күндө Урмат мырза айткан таяктын эки учу бар, бир учу кайсы тарапка барып тийет күтө туралы.

Эске сала кетсек, депутат Алмамбет Шыкмаматовго КР кылмыш кодексинин Коррупция жана Кызматтык абалынан пайдалануу беренелери боюнча иш козголгон. Бирок бул айыпты депутат четке кагып келет.

Алмамбет Шыкмаматов оппозициялык маанайдагы “Ата Мекен” партиясынын депутаты. Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп, Юстиция министри кызматын аркалаган.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости