www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми иш чатагына айланып, Бектур Асанов айткандай азыркы бийликтин “пачагы” чыкпаса болду. Себеби биздин сүйүктүү Ажобуз Алмазбек Атамбаев Россия тарапка обу жок тийишип, корсоңдоп алды. Эми өзүнөн көрсүн деп Россия тарап Атамбаевди колдобой коюшу толугу менен мүмкүн, - деген пикирин билдирди Урматбек Акунов.

Орус элинин журт атасы Владимир Путиндин Кыргызстанга келиши эмне менен аяктады азырынча ички сүйлөшүүлөр сыртка чыга элек. Ал эми сырты тасмадагы көрүнүштөрдү эске салсак, “балашка” Сапар Исаковду далыга таптаганы менен бир аз өзгөчөлөндү. Атамбаевдин гимн ойнотулуп кетпегенде колун көкүрөккө коюп жибергени болбосо. Албетте бул жерде Атамбаевдин күнөөсү жок. Анткени эреже боюнча биринчи Кыргызстандын гимни ойнотулуш керек эле...Сөздун ток этээр жерине кайтсак, Путиндин кетээри менен Медведевдин “уй тезегин кургатпай” Кыргызстанга келишинде дагы бир тандем жатат. Анткени, бул киши дагы Бажы союзунун чыгып кете бер сени ким кармап жатат дегендей кылып койду. Кыскасы иш чатак. Учурдагы бийлик качаар жерине саманкана да таппай калабы деп корком.

-Эл арасында төңкөрүш болот деген сөздөр жүрүп жатат, сиздин көз карашыңыз кандай?

-Болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт, менимче болот.

-Атамбаевге таң кала берем дейсиз, эмнеге?

-Алмаз Атамбаев кээде ойду-тоону сүйлөй берет. Ошол эле убакытта кедээ чындыкты айтат. Камаймын дедиби камайт. Куугунтуктун атасын таанытты. Мына Өмүрбек Текебаевди эки бийлик дагы камаган эмес, камады. Бул чындыкпы, чындык. Чекеден камап жатат. Дагы жакында бир-эки чиновник камалат. Бирок биздин президент дагы аша чаап жатат. Кыргыздын шору бар экен. Жалпы кыргызстандыктар баарыбыз тез арада “жакшы президент келсин” деп түлөө өткөрүшүбүз керек.

-Рахмат

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости