www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда энергетикадагы коррупциялык схемалардын түзүүчү делген Алексей Ширшов учурда Кыргызстанда ээн-эркин жүргөнүнө кыйла мезгил болду.
УКМКнын «коррупция» менен кармаганы суу кечпей, 48 саатка жетпей тез эле эркиндикке чыгып кетип, көпчүлүк назары болгон. Сот мындай чечимди өзү билип кабыл ала албасын коомчулук түшүндү.
Соттун бул чечими коомчулукта кызуу талкууланып жаткан чакта президент Садыр Жапаров билдирүү таратып, Ширшов анын макулдугу менен өлкөгө келгенин, Алексей Ширшовго издөө жарыяланбаганын, ал Максим Бакиев Кыргызстандан чыгарып кеткен 200 миллион долларды кайтарып бермей болду деп жар салган эле.
Андан бери Ширшов тайраңдап эле жүрөт. Президент айткан 200 миллион доллардын дайны чыккан жок. Өлкө башчысы деле "баягы мен айткан 200 миллион доллар бар же жок, табылды же алдап кетти" деп айтып койсо болмок. Билмексен болгондон майнап чыкпайт да. Акыры ак же көк деш керек.
Булак: NazarNews.kg