www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Крымдагы мунай базасына пилотсуз учактын чабуулунан кийин Орусия катаал жооп чараларды көрүшү керек, деп билдирди Федерация кеңешинин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик курулуш боюнча комитетинин мүчөсү, крымдык сенатор Ольга Ковитиди. Ал өзүнүн пикирин Lenta.ru менен болгон маегинде бөлүштү.

"Бизде создуктурууга эми убакыт жок. Болгон окуя катуу жооп жана аракетти талап кылат", - деди Ольга Ковитиди.

"Одессадагы бардык мунай сактоочу жайларды жок кылуу керек. Одессаны Украинанын аскердик базасы катары нейтралдаштыруу боюнча стратегиялык чечим кабыл алынышы керек", - деп жооп берди ал.

29-апрелде эртең менен Крымдагы мунай базасына пилотсуз учактын чабуулу болгону кабарланган.

Өрттүн аянты 1000 чарчы метрди түзүп, төртүнчү класстагы өрт чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости