www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаман окуган окуучудай Айыл чарба министирлигинен келген орун басарлар "Үрөн департаменти" боюнча маалыматга начар даярданып келгени билинип калды.

Депутаттардын убактысын куру бекер коротуп, анысы аз келгенсип "ал эле, бул эле" деп так маалымат бере албай убара болушуп жатат. Парламенттин кыжырын келтирип жөнөкөй суроолорго так жөнөкөй тил менен да жооп бере албай, бирөөсүнөн да жакшы сөз укпай "мыйзам шайкеш келген менен жашоо такыр башка болуп жатат. Жомок айтпагыла, мышык ыйлай турган абалда экенибиз калпбы?!"- деген эле эл өкүлдөрү. 

Алып келген үрөндөрүнө да так маалымат бере алышпаган, "ким эмне үчүн жооп берет?"- деген суроого да ырыстуу жооп бере албагандар бүткүл Кыргызстанга уят болуп жатканын түшүнсө керек.

Төрага айткандай “Үрөн департаменти иштебей эле бюджеттин акчасын коротуп жатабы?”.

Чынында эле дыйкандарга жардам берүүнүн ордуна жеке кызыкчылык үчүн жан үрөп жаткан аткаминерлерибиздин жүзү бул жыйында ачылып калды окшойт..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости