www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гремания полициясы Усмановдун "Дилбар" яхтасынан 5 миллион еврого бааланган 30 сүрөт тартып алды. Бул тууралуу zamon.uz сайты жазып чыкты.

Яхтанын ичин кооздогон сүрөттөр алынып кеткени маалымдалган. Экспедитордук компаниянын кампасында 5 миллион еврого чейинки эмгектер сакталып турат.

Алардын арасында Марк Чагаллдын сүрөттөрү болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Усмановдун мүлкүн камакка алуу Европанын санкцияларына байланыштуу экени айтылууда. Германия өкмөтү Усмановдун салык төлөөдөн качышын да иликтеп жатат: 2014-жылдан бери ал кеминде 555 миллион евро салык төлөбөй койгон болушу мүмкүн.

Мындай кинеге ишкердин өкүлү Алишер Усманов "буга чейин Орусияда салык төлөп келген" деп жооп берди.

Алишер Усманов 2016-жылы яхта үчүн Германиянын Люрссен кеме куруучу компаниясына 600 миллион доллар төлөгөн.

Последние новости