www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарыгер Ташбү Жамилова азыркы учурда коомчулукта катуу талкууга алынып жаткан «уу коргошун» тууралуу өзүнүн башынан өткөргөн окуя менен бөлүштү.

Ошондой эле, дарыгер уу коргошунду дарыгердин көзөмөлү менен гана ичүү керектигин белгиледи.

«2012-жылы кабыл алуума 4 стадиядагы боордон рак болгон өзбек келинди алып келишти. Анализдерин көрдүм, ооруканада алып кете бергиле дептир. Аялымдын көңүлү үчүн алып келдим, эже убара болбой эле коюңуз деп айтты күйөөсү. Апасы боздойт, ыйлайт бир чарасын кылыңыз, өлсө сизден көрбөйбүз деп. Ойлонуп отуруп дарылоого уу коргошунду да коштум. Өзүм өлчөп, тамчылатып, график менен ичирип жаттым. Өлөт деген келин, кудайдын эмири менен айыгып кетти. Калган ашканын бөлмөмдүн сыртына пакет кийгизип коюп койдум.

Кызым келип, үй жыйнап, пакетти алып салып, менин уктоочу жайымдын жанында ичүүчү суулардын жанына коюп коюптур. Мен билбеймин аны. Таң атайын дегенде суусап (кечинде чайханадан аш жегенмин) караңгыда колумду узатып идиштегини алып оозун ачып (карабай эле иччү элем) бир эле ууртадым. Башкача даам. Жарыкты күйгүзүп, Тагаевке тур кеттик ооруканага мен Уу коргошун ичип алдым деп 5 мүнөткө жетпей жөнөдүк. АДОго бардык, дарыгерлер дароо ашказанды жарым чака суу ичирип кайра кустуруп жуушту. Шалдырап алсыз боло баштадым. Баары эле үнсүз мени тиктешет. Таң атты, реанимацияга алып барышты. Дарыгерлер болгон аракетин жасап жатышты. Денем бөлүк-бөлүгү менен катып баратты. Сактап калгыла деп кыйкырам, үнүм деле чыкпаптыр көрсө. Бир сутка капельницада болдум. Ичим кара жашыл болуп өтүп кетти. (Өткөнү жакшы экен, уу чыгып кетиптир). Кан басымым 30 га түштү. Бир дарыгер, 2 медайым бир сутка жанымдан жылган жок. Ички органдарым өз-өзүнчө катып баштаганы билине баштады. Муундарым эбак катыган. Кудайымдан шыпаа келип, кайра жибип жумшара баштадым. Кан басымым акырын 35-40-45 боло баштады. Заара чыгып баштады. Организм уудан тазалана баштады деп дарыгерлер сүйүнүп башташты. Арасында милиция кызматкерлери да болду, бирок, аларга бир нерсе деп сүйлөй алган жокмун. Оозу-мурдума, заарага бүт шланг коюп салышкан. Бир сутка болгондо кан басымым 60 болду, бөйрөк иштеп кетти. Кийин дарыгерлер айтты «бөйрөк иштеп кеткени жакшы болду, ай-ай эже болбой калат окшойт дедик эле» дешкен. Ошондо бөйрөгүм «повреждение» болгон экен, азыр начар иштейт. Жүрөгүмө, нервке да таасир эткен, азыр билинет. Кудайыма чексиз шүгүр, шүгүр, кайра төрөлүп жашап жатамын. Ошол күндөн баштап менин жашаган ар бир секундум, кудайымдын мага берген белеги. Ыраазымын жаратканга.

Анты болот дары чөптүн:

Жаңылтаармын, жаздыраармын бир керегиңе жараармын деген. Андан кийин сууга кайнатып, эрежеси менен көп эле ичтим.

Дарыгердин көзөмөлүндө ичүү керек.

Ичүүнүн эрежеси бар, аны сактоо керек.

Өз алдынча ичүүгө болбойт.

Органдарды абайлагыла!

Дозасын сактоо керек.

Мен өз ишимде пайдаланбаймын аны, кооптуу эмес - андан жакшы дары чөптөр бар, ошолорду пайдаланамын. Ар бир дары чөп, өз өлчөмүндө болсо, дарылыгы болот», - деп кошумчалаган ал.

Эске салсак, кечээ, 16-апрелде Саламатыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус менен ооруган бейтаптарды уу коргошун менен даарылап баштаганын билдирди.

Өз кезегинде министр түз эфирде уу коргошундун кайнатмасын ичип, анын колдонуу ыкмасын айтып берди.

Маалым болгондой, министрге уу коргошун менен дарылоо Президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости