www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичти

Бүгүн, 16-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.

Андан кийин коронавируска чалдыккан адамдарды кантип уу коргошун менен дарылап башташканы тууралуу айтып берди.

Өзүнүн айтымында, бул ыкманы президент Садыр Жапаров сунуштаган. Садыр Жапаровго уу коргошунду туура пайдаланууну атасы үйрөткөн.

Министрдин айтымында, 2020-жылы 2-мартта Садыр Жапаров абакта жатканда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго кат жазган. Анда уу коргошунду коронавируска чалдыккан адамдарды дарылоо үчүн колдонууну сунуштаган. Бирок Сооронбай Жээнбеков ал катты окуп дагы койгон эмес.

Андан кийин Садыр Жапаров уу коргошунду Алымкадыр Бейшеналиевге сунуштаган. Ал учурда Бейшеналиев жөнөкөй эле дарыгер болуп иштечү.

Бейшеналиев уу коргошунду өзүнүн жакындарына берип баштаган.

Учурда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жана Токмок шаарындагы ооруканадагы дарыгерлер коронавируска чалдыккан адамдарды уу коргошун менен дарылап жатышат.

Бирок уу коргошун жандандыруу бөлүмүнө түшкөн бейтаптарга берилбейт. Себеби бейтап уу коргошунду өз ыктыяры менен ичет.

Ошондой эле министр түз эфирде уу коргошунду кантип ичиш керек экенин көрсөтүп, ичти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости