www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошунду кантип жана дозасы боюнча күндө президент Садыр Жапаровдон сурап жатат. Бул тууралуу ал жыйын учурунда билдирди.
"Коронавирус оорусу жаңы башталганда баарын экспермент кылып, антибиотиктерди аркы беркини бейтаптарга берип атып көп кишилерди өлтүрүп алдык. Ошондо эле Садыр Нургожоевич айткан, анда мен жөн эле врач болчумун, коркуп бирдеме болсо деп кооптондум. Азыр министр болуп керт башым менен жооп берем деп кызыл аймактагылар менен жолугуп, үйрөтүп кеңешип бере баштадык. Мунун дозасын жакшылап санашыбыз керек. Мен күнүгө президенттен сурап жатам сиз дозасын тактап беиңиз деп", - деди Бейшеналиев.
Булак: NazarNews.kg