www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уу коргошун менен бир нече күндөн бери коронавируска кабылган 300 адам дарыланды. Бул тууралуу маалымат жыйыны учурунда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Ушул тапта 300дөй кишини дарыладык. Кыйналып жаткандар какырыгы чыгып, уйкусу жакшырып, жакшы болуп кетип жатат. Жакшы жыйынтыктар бар», - деди министр.

Анын айтымында, кечээ, 15-апрель күнү, президент Садыр Жапаров менен биргеликте Бишкектеги жана Чүйдөгү бир нече оорукананы кыдырып, бейтаптар менен сүйлөшкөндө, алар жакшы болуп калганын айтышкан.

Ошондой эле, министр дарыгерлерди чакырып, дарылоону үйрөтүп, кийин алар өз жоопкерчилигинин алдында оорулууларды уу коргошун менен дарылап жатышканын кошумчалады.

Мындан тышкары, учурда ар бир дарыгер клиникалык протокол жазып жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, министр уу коргошунду дарыгерлердин гана көзөмөлүндө ичүү керектигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости