www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы окуу жылы качан аяктаары айтылды

Быйыл Кыргызстанда бардык жалпы билим берүү мекемелеринде окуу жылы 25-майда аяктайт. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, мындай чечим коронавирус пандемиясынын шартында окуучулардын саламаттыгын коргоо максатында кабыл алынды.

Тогузунчу жана он биринчи класстар арасында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 2-12-июнда өтөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы бейтаптар 2020-жылдын мартында каттала баштагандан тартып мектептер аралыктан иштөөгө өткөн жана окуу жылы онлайн жыйынтыкталган. Жаңы окуу жылы башталганы онлайн окуу жарым-жартылай токтотулган.

Адатта окуу жылы 1-сентябрда башталып, 31-майда жыйынтыкталчу.

Коронавирус өлкөдө 90 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңи каза болду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости