www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уу коргошун менен дарыланган адам өлүп калса ким жооп берет?

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Ысык-Көл тамыры» аталышындагы чөп Кыргызстанда бир гана жерде өсөрүн айтты.

Белгилей кетсек, ал коронавируска дары деп сунушталып жаткан «Ысык-Көл» тамыры чөбүнүн кайнатмасы боюнча журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатат. ЖМК өкүлдөрү министрге «эл арасында бул кайнатма менен өз алдынча дарыланып, жабыркагандар болсо ким жооп керет?» деген суроо беришти.

«Башкалар эч жерден таппайт. Анткени, ал бир гана жерде өсөт, ал жерди биз курчап алып, казып жатабыз», — деди министр.

Эске салсак, буга чейин министр уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ДССУда уу коргошун коронавирустан дарылайт деген маалымат жок экенин белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости