www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сириянын мурдагы президенти Башар Асад уулангандан кийин Москвадагы ооруканадан чыгарылды, деп билдирди Сириянын Адам укуктары боюнча обсерваториясы өзүнүн X социалдык тармактагы баракчасында.
Маалыматтарга караганда, мурдагы мамлекет башчынын бир тууганы Махер Асадга Башарды ооруканада көрүүгө уруксат берилген эмес. Бирок президенттик иштер боюнча мурдагы баш катчы Мансур Аззамга ага эркин барууга уруксат берилген.
Булактын айтымында, Асадды ууландырууга аракет кылган адамдар орус бийлигин каралоону көздөшкөн – алар бул окуя үчүн Москваны күнөөлөөнү каалашкан.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын январында британиялык The Sun гезити белгисиз адамдар Башар Асадды ууландырууга аракет кылганын жазган. Ал учурда Асад Москвага келгенден кийин өзүн жаман сезип, дарыгерлерге кайрылган. Экспертизанын жыйынтыгында анын денесинен уунун издери табылган, бирок дарыгерлер анын абалын турукташтырууга жетишкен.
Белгилей кетсек, Сириянын соту буга чейин 2011-жылы Дараа провинциясында демонстрацияларды басууга байланыштуу айыпталып, экс-президент Башар Асадды сыртынан камакка алууга ордер берген.Франция ошондой эле Сириянын мурдагы президентин жана башка алты жогорку даражалуу мурдагы аткаминерди камакка алууга ордер берген. Бул 2012-жылы Хомс шаарында эки журналисттин өмүрүн алган жардырууга байланыштуу.
Мухаммад Ходиев, Ташкен