www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга NazarNews маалымат агенттиги буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз мукам үндүү таланттуу ырчы мырза Ильяз Кудретовдун аткаруусундагы “Жаман кыз” аттуу ыр тууралуу болмокчу. Ильяз мырза бул ырды төрт жыл мурда аткарып чыгып эл арасында өзгөчө алкышка ээ болгон. Ар бир ырды майына чыгарып иштеп, керемет аткарган Ильяз бул ырына клип тарткан. Ырдын клиби даяр болгон соң интернет желесине чыгарып миллиондогон көрүүчү топтогон соң авторлордун тыюу салуусунан улам жеке каналы жабылып калган жайы бар.

Уурдалган ырды автордон уруксат албай аткарып чыгууда мына ушундай окуялар болуп кетээрин биздин көпчүлүк ырчылар түшүнүшпөй келет. “Добулбас” тобунда ырдап, андан соң жеке чыгармачылыгын улантып кеткен ырчы мырза бир нече хит ырларды аткарып, клип тартып жүрүп эле жок болуп кетти. Көрсө, ырчы мырзабыз үй-бүлөсүн мекенинде калтырып, өзү Америкага иштеп кеткен экен. Учурда Америкада эмгектенип жүргөн Ильяз чыгармачылыгына жаңылык жасай элек.

Ал эми ырдын түпкү нускасы өзбек элине таандык. 2019-жылдын башында Imron аттуу ырчы мырза “Yomon qiz” аталышында ырын жарыкка чыгарып, бүткүл Орто Азияга хит ыр катары тараган. Интернет желесинде 25 млн көрүүчү топтогон Имрон ырын башкалар аткаруусун каалабай Ильязга каршылык көрсөткөн жайын өйдөдө айта кеттик. Андан соң казак ырчысына уруксат бергени бар. Казакстандан Жігер Ауыпбаев аттуу ырчы мырза “Жаман қыз” деп аткарып клибин жарыкка чыгарган соң 17 млн көрүүчү топтогон. Бул ырды аткарып чыкпаган ырчы калган жок десек жаңылышпайбыз. Бир нече нускасы интернет желесинде жарык көрүп, каверлери абдан көп. Анан калса Абдулла Калмуратов аттуу мекендешибиз да “Жаман кыз 2” деп аткарып чыккан.

Төмөндө ырдын төрт варианты тең бар. Ырларды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Кыргызча:

Кыргызча 2:

Казактардыкы:

Өзбектердики:

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости