www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 14-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты анын нормаларын «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат.

Мыйзамдын 2-беренесине ылайык, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости