www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун жубайы Сара Нетаньяхунун жашоо образы, ошондой эле баалуу кийимдерди кийүүсү жана кымбат салондордон чачын жасалгалоосу Тель-Авивдеги баш аламандыкка алып келди. Бул тууралуу The Washington Post гезити билдирди.

2-мартта, израилдиктердин жоон тобу Тель-Авивдин борборундагы модалуу сулуулук салонуна кол салууга аракет кылышкан, ал жерде мурда стюардесса болуп иштеген премьер-министрдин 64 жаштагы жубайы чачын жасалгалатып жаткан. Митингчилер Сара Нетаньяху Израилдин салык төлөөчүлөрүнүн эсебинен ашыкча люкс жашоо кечирип жатат деп айыптап, "Уят!", деп кыйкырышкан.

Министрдин аялын израилдик журналист Амир Орен ысырапкерчилиги жана байлыкты сүйгөн 18-кылымдагы француз ханышасы Мари Антуанетта менен салыштырып: "Бул өтө ач көз жубайлар" деп мүнөздөдү.

Сара Нетаньяхунун ысымы бир нече жолу гезиттердин биринчи беттерине чыкканы көңүлдү бурду. Алсак, 2019-жылы ал премьер-министрдин резиденциясында иштеген ашпозчуларга карабай, атактуу ашпозчулардын тамактарына буйрутма берүү үчүн бюджеттик каражаттан 100 миң долларды мыйзамсыз пайдаланган деп күнөөсүн мойнуна алган.

Кошумчалай кетсек, анын күйөөсүнүн коррупциялык схемаларына бир нече жолу катышканы да байкалган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости