www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Каяктыксың?” деп адамдын жердигин тактап,сүрүштүргѳндѳрдү жек кѳрѳм. Дал ушундай адамдардын айынан жолдошум экѳѳбүздүн бактылуу жашообузга кара кѳлѳкѳ түшүп, сезимдерибиз соолубаса да үшүп жашадык.Эми болсо эки балам менен же Ошко батпай, же Нарынга батпай орто жолдо калдым...

Мен Нарындын Кочкор районунан болом.Атам балдарынын жакшылыгын кѳрѳр маалда кайтыш болуп кетти.Үч уул менен эки кыздын жоопкерчилиги апама жүктѳлүп, баарыбыз “апабызды кыйнабайлы” деген түшүнүк менен бой жеттик.Эжем менен агаларымдын жолун улап мен да апам тандаган окуу жайга кың дебей тапшырдым.2-курска келгенде каражаттын кенен болушун каалап жатакананын жанындагы тез тамактануучу жайга ишке кирип алдым.Бир сутка иштеп, эки сутка эс алам.Жумуш кыштын чилдесинде да токтобой кыбырай берет.

Ошол суук күндѳрдѳ мен ысык сүйүүгѳ кабылдым. Жанымда иштеген курбум ооруп үч түн катар ишке чыгып калдым.Ал күндѳрү бир жигит дайыма түнкү саат 11де келип үчтѳн шаурма жасатып кетип жүрдү.Эл сээлдеп, чарчап да калган маалда шашпай шаурма орогончо тиги жигитке кѳз салам.Кѳзү-кашы капкара сулуучумак жан.Анын да мага кылдат абай салып жатканын байкайм.Ансайын боюмду түздѳп, тыкан кыймылдаганга тырышам. Тѳртүнчү күн дегенде курбум ѳзү келип, мен суй жыгыла эс алдым.Бирок эртеси эле кайра жумуш.

Кандайсың? Кечээ кайда жок болуп кеттиң? – Баягы кардарым экен. Ачык айнекке эңкейип абдан учурашты. – Бүгүн да жок болуп калбаса экен деп келдим эле.
Кандайсыз? Кечээ эс алдым. – Анын суроо салганы мага кубаныч болду. – Үч шаурма да ээ?

- Албетте да. Үйдѳ “жегич” досторум бар.Мунсуз киргизишпейт.

- Шаурма жей берип тажаган жоксуңарбы?

- Жок, сенин колуңдан чыккан даамдан тажачудай эмеспиз.

Ушул кыска маек Талгат экѳѳбүздүн бири-бирибизге карата жолубузду ачты. Алгач жакшы маектеш болдук. Ал кезде агент азыркы вотсапптай кызыктуу эле.Агенттен күн-түн дебей сүйлѳшүп кебибиз бүтпѳйт.Анан жолугушуулар башталды.Бул маалда биз бири-бирибизди жактырып, сезимдерибизге баш ийип калган элек. Мага ашык болгонуңа билинбей эки жыл болуп кетиптир.

Кыязы Ошко келин болууга толук макул окшойсуң э? – Талгат абдан тамашакѳй эле.

Бул эмне дегениң? – Чындап таарына түштүм.

Тамаша да, бирок бизге башкалар каршы болушпайт болду бекен?

- Билбейм. 

Калп эле ушинтип койдум.Болбосо бул маалда апам менен агаларым “оштук жигитти жогот, мамилеңди токтот”, - деп какшап жаткан чактары болчу. Кийин билсем ошол күнү Талгаттын ата-энеси да “аркалык кыз албайсың” деп каршы болушуп, байкушум аны мага айта албай, алыстан жанагыдай кеп козгогон экен. Башында ѳз тараптарыбыз биздин мамилеге каршы экендигин бири-бирибизге ачык айта албай жүрдүк.Ал менин кѳңүлүмдү карап, аяса, мен андан алыстап кетүүдѳн корком.

Бирок бара-бара экѳѳбүз сүйүүбүз үчүн ачык күрѳшүп, каршылык кыла баштадык.Себеби биздин мамиле чыныгы сүйүү, чыныгы махабатка толгон мамиле эле.Талгаттын мен үчүн баарына даяр экени кѳзүнѳн да, сѳзүнѳн да билинип турчу.Экѳѳбүздүн катуу сүйүшкѳнүбүз ушул чыгар, эки жылдай ата-эне, бир туугандарыбыздын каршылыгына бирге каршы туруп, эки башка кетели деген кепти бир да жолу козгогон жокпуз.Тескерисинче “түндүк-түштүк болсо эмне экен? Кайра жакшы, тѳркүндѳрүбүз биздин артыбыз менен Кыргызстандын кѳрѳ элек жактарын кѳрүшѳт” деп бири-бирибизди кубаттап коёр элек. Керек болсо ал мени “азабы кѳп аркалыгым” деп эркелетсе, мен да тамашалай “түйшүгү түмѳн түштүктүгүм” деп, экѳѳбүз бир каткырып алар элек. Эх, ушинтип жүрүп тагдырыбыз чындап эле азаптуу, түйшүктүү болуп калды окшойт...

Мамилебизге тѳрт жыл толгондо Талгаттын ата-энеси “сага кыз таптык. Кел, сѳйкѳ салышыбыз керек” деп маселени кабыргасынан коюшту. Алар бизди ажыратууга чындап бел байлашты. Ошондо Талгаттын чечими менен экѳѳбүз бирге жашоону чечтик.Албетте, жашырынып жашап алган жокпуз. Алгач эки тарапка эч качан бѳлүнбѳстүгүбүздү колубуздан келишинче түшүндүрүп айтып баш кошуу ниетибизди билдирдик. Уккулары да келген жок. Ошондо гана нике кыйдырып, дос, тааныштарга тойчук кылып үй-бүлѳлүк жашоо баштадык. Талгаттын ата-энеси ага бир, мага бир чалып катуу капа болушту. Ал турсун агалары келип жакалаганга чейин барышыптыр. Ал эми апам болсо мага таптакыр карарып, эшигин жаап койду. Агаларым да каршы, мени колдогон эжем менен иним болду. Кайын журтум апамдын алдынан ѳтмѳк турсун атын да уккусу келишкен жок. Мунун баарын басып ѳтүү бизге оңой болгон жок.

Бир күнү мени, бир күнү аны ой басып, ыраазычылык албаганыбыздын арты кандай болот деп санааркап жүрдүк. Бирок жашоо ѳз эркине кѳндүрүп алат экен. “Түтүнү бѳлѳктүн түйшүгү бѳлѳк” болуп бир бүтүн бүлѳ болгон соң жеке жашообузга алаксып кеттик. Тѳркүндѳрүбүз да тынчыгансып калышты. Жыл айланып уул таптык. Балабыздын жарыкка келиши жакындарыбыздын таарынычын жазат деген үмүтүбүз бар эле. Тилекке каршы андай болгон жок. Талгаттын ата-энеси алыстан салам айтып куттуктап койгону болбосо, жетип келишкен жок. Барууга биз да батынбадык. Апам болсо бир туугандарымдан “оштугу менен аман болсун” деп гана айттырып жиберди.
Жүрѳгүбүз ооруган менен мындай мамилеге деле кѳнѳ түшкѳндѳйбүз. Баягы калыбыбыздан жазбай жаркырап жашай бердик. Балабыз менен жашообуз мурдагыдан да кѳркүнѳ чыкты. Уулубуз жарыкка келгени жолдошумдун да иши алга жылды. Аңгыча кызыбыз тѳрѳлдү. Кыздуу болушубуз деле эки тарапты жибитип жиберген жок. Ушунчалык катуу таарынышканбы же ушунчалык кайдыгер жандарбы деп ыза болдум. Ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп эки тараптын алдыларына барууну туура таптык. Алгач Ошко барып ата-энесинин алдына түштүк. Талгатты сагынышыптыр, жылуу кабыл алышты. Уул-кызымды колдон талашып, баары жакшы кѳрүштү. Ал жерге бир гана мен жарашпай турдум. Баары башымдан ылдый сыдыра карап, жактырбагандарын билдиришти. Үч күнүбүз үч жылдай созулуп, Талгатка болгон сыйым, сүйүүм үчүн араң чыдадым.Талгат да баарын кѳрүп-билип турду. Жакындарынын мага кылган мамилеси үчүн кечирим сурап, ансайын кѳзүмдү карап атты.

Апамдын алдына барып да ушул эле акыбалга туш болдук. Эжемден башкасынын баары Талгатка сыртын салышып, кыр кѳрсѳтѳ албагандары менен жырткыч кѳргѳндѳй ага абайлап кайрылып укмуш болушту. Бизге карата бир эмес, экинчи ирет болуп жаткан мындай мамилеге чыдабай жарылып кеттим. Апама, эжем, жеңемдерге: “Жалгыз айыбыбыз - бирибиз Ошто, бирибиз Нарында туулуп калганыбыз болду го. Бул үчүн эмне мынча жектедиңер? Бул биздин күнѳѳбүз эмес да. Бирибиз нарындык, бирибиз оштук болгон менен бактылуу жашап жатканыбыз эсеп эмеспи...” деп ыйлап алдым. Колдоо тапкан жокмун.

Эки тарапка барып келген соң бир жүктѳн кутулгандай жеңилдеп калдык. Талгаттын ата-энеси балдарыбызды бир ооз сурап койсо жетине албай калабыз. Апам да мурдагыдай каардана бербей жай сүйлѳшүп калды. Бирок жарыктык кишинин кекчилдиги ушунча, жакшынакай сүйлѳп атып да күйѳѳм менен балдарымды “тиги оштуктарың” деп бир-эки айтып ѳтѳт.

Шордуу жаным эки жыл мурун чыныгы шорго кабылдым.Талгат автокырсыкка кабылып бизди таштап кетти. Жашообуз эми гана бир нукка түшүп келатканда астын-үстүн болду да калды. Кара кийип, кан жутуп турганыма карабай кайын журтум каарына алып, ачуу сѳздѳрдү айтышты. Кайненем “каражолтой” деп мага атырылып сѳѳк коюлганча сай-сѳѳгүмдү сыздатты. Сөөктү жерге берерибиз менен мени кууп чыгышты. Ал тили заар, кекчил, баласынын бактысына кубанбаган адамдардын жанында отурууга ѳзүм да чыдабадым.

Талгатымдан калган аманат – уул-кызым үчүн белимди бекем буудум. Бирок канча сабырдуу, канча чыйрак болбоюн баарын жалгыз кылуу мага оңойго турбай келет. Бир үмүтүм апамда эле, жээндерин карап берип турса иштейм деп ойлогом. Бирок апам “оштуктарды эмес, ѳз жанымды араң карап отурам. Алып бар, тийген жериңе. Бала кимдики болсо ошол баксын”, - деп койду. Жүрѳгүм тилинип, экинчи минтип суранбаска ѳзүмѳ сѳз бердим.

Азыр балдарымды ишенип таштар кишим жок айла жоктун күнүн кѳрүп отурам. Балдарымды “оштуктун тукуму” да, “аркалык аял тууган” да дедиртпей асырап алам. Бул күндѳр артта калып, уул-кызым аман-эсен бой жетсе менин кѳчѳмдѳ да майрам болор. Ал эми туулган жерибиз үчүн жектегендер кеч болсо да бул тайкы түшүнүгүнѳн арылышса экен.

Булак: "Леди кж"

Последние новости