www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Аю» компаниясынын эки арак заводу улутташтырыла баштаганы коомдо кызуу талкуу жаратты. Кээ бир жетекчилер – компаниянын ээси ал заводдорду мамлекетке өз ыктыяры менен өткөрүп берип жатат деп айтууда, бирок бир да ишкер антпейт да. Андай ыктыярдуу кадам – текшерүү өткөрүлүп, мыйзам бузуулар табылгандан кийин болуп жатпайбы.

Садыр Жапаров дагы – «Аю» компаниясын 2 жарым жыл жыл бою эркелеттик, таза иште, салык жашырба дедик, бирок укпады деп билдирди. Демек, бул улутташтыруу – жазага тартуу, бирок анын себептери терең болушу мүмкүн. Эксперттер болсо – мамлекет иштин көзүн билбейт, жеке ишканалар гана кирешелүү иштей алат дейт.

Бирок жеке менчик компаниялар айрым учурларда мамлекеттин жана элдин эсебинен байып жатат, былыктарын жашыруу үчүн болсо алар текшерүүчүлөрдү жөн гана сатып алат, анткени алардын баары коррупциялашкан. Эгер мамлекет дагы, жеке ишкерлер дагы таза иштегенде, эч кандай коррупция болмок эмес. Биз баарыбыз сөз түрүндө коррупцияга каршыбыз, бирок ынгайлуу учур келээри менен дароо сатылып кетебиз.

Последние новости