www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийликтин эки тизгин бир чылбырын кармаган эки достун арасында пикир келишпестик, таасир талашуу күн өткөн сайын өөрчүп жатканы коомчулукта кеңири талкууланууда.
Мындан улам, Жапаров менен Ташиевдин таасир талашканын объектиси катары кадрдык өзгөрүүлөрдүн орун алышы аргумент катары айтылууда.
Буга кечээ эле коррупцияга шектелип УКМК тарабынан Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин кармалганы ачык мисал экени социалдык тармактарда сөз болуп жатат.
Өткөн жумаларда эле иштен алынышкан Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов менен биринчи орун басары Данияр Жаныкуловдун бири-бири менен болгон тиреши, таасир талашкан интригасы да, эки достун тирешинен чыккан маселе деген талкууга жем таштаган болчу.
Азыр коомдогу айтылып жаткан сөздөр боюнча, президент Садыр Жапаров тарапта Башкы прокурор Курманкул Зулушев болсо, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тарапта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев болуп тиреш катуу жүрүп жатат дешүүдө.
Булак: NazarNews.kg