www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук пайдаланууга «эки тараптуу жаңылык» деген түшүнүк кирип кетти. Кайсы бир маселе боюнча журналисттер эки тараптын тең пикирин берип-чагылдырат, бирок жаңылык өзү бир тараптуу болсо, эмне кылыш керек? Мисалга: «Бишкекте кечээ күнү кар жаады». Айрымдар: «Аны кар деп да эсептеген болбойт», – деши мүмкүн. Мындай эки ачакейлик жогорку деңгээлге да чыгууда.
Былтыр декабрда Жогорку сот – Өмүрбек Бакиров шайланган Көк-Жар шайлоо чөлкөмүндө добуш берүү учурунда мыйзам бузуу болгон эмес деген бүтүм чыгарган. Бир жылдан кийин, азыр, Бишкектин административдик соту шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарды. Эки чечим тең туура жана мыйзамдуу, анткени аларды сот кабыл албадыбы.
Орусиядагы мобилизацияга окшош. Бийлик аны «чектелген» деп атаган, бирок чындыгында жапырт мобилизация болуп жатат. Бийлик дагы, өлкө президенти дагы: «Мобилизация аяктады», – дейт, бирок ал тууралуу буйрукка кол коюлган жок. Ошондуктан мобилизацияны уланта берсе да болот, токтотуп койсо да туура. Бийлик өзүнө өтө ыңгайлуу ыкма ойлоп тапты – мындай кылсаң да туура, тескери кылсаң дагы мыйзамдуу.