www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы Бишкектеги акыбал бул, кылмыш. Мындай пикирин депутат Исхак Масалиев бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кесиптештерим уят деп жатышат. Бул уяла турган нерсе эмес, бул кылмыш. Буга Башкы прокурор же жөнөкөй прокурор баа бериш керек. Ал эми Жогорку Кеңештин буга укугу жок, биз бир гана сунуш бере алабыз. Мэр өз алдынча башкаруу система, бизге баш ийбейт, бирок келгенине рахмат. 

Талкуулагандан пайда чыкпайт. Экологиялык көйгөйлөр менен күрөшүү түзмө-түз аткаруу бийликтин милдети. 

Биз экология министри менен мэрге бир жума убакыт берели. Алар сунуштарын берсин. Керек болсо Бишкек жана Ош шаарына өзгөчө кырдаал киригизиш керек. Дүйнөнүн көпчүлүк жеринде ушундай ыкманы колдонот. Эртең шамал болуп, тазаланып кетет деген болбойт. 

Совет маалында завод-фабрикалар күнү-түнү иштейт эле. Бирок мындай ыш болгон эмес. Азыр ал заводдордун бирөөсү дагы жок", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости