www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ жана бүгүн Бишкек шаардык соту мындан 2 ай мурда кармалган активисттердин иштерин карап, баарын камакта калтыруу боюнча чечим чыгарды. Алар митинг уюштурууга камданган жана бийликти басып алууну көздөгөн деп күнөөлөнөт жана жарымынан көбү 2 аптадан бери ачкачылык кармагандыктан, айрымдары араң басат жана кээде эс-учун да жоготот.

Активисттерди үй камагына чыгаруу суранычы менен бийликке – башка иш боюнча күнөөлөнүп, Кой-Таш окуялары боюнча соттолуп жаткандар дагы кайрылды. Мындай тилектештик мурда эч качан болгон эмес. Камактагылардын айтымында, УКМКнын СИЗОсунда саясий туткундар үчүн деп атайын 20дай камера даярдалган.

Соттор болсо – советтик мезгилдеги сенектик убагындагыдай жана эгемендиктин 30 жылынын басымдуу бөлүгүндөгүдөй бойдон аракеттенүүдө, алар кармалгандарды мыйзам же адилеттүүлүк боюнча соттобой, үстү жактан келген буйруктарды гана аткарганын улантууда. Бутунда араң турган аялдарды сотто бир нече аскер кайтарат.

Последние новости