www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Сузак РИИБдин кызматкерлеринин үстүнөн ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Бул каракчылык кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жашырууга байланыштуу, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен бир катар жетекчилер менен кызматкерлерге тартиптик жаза берилди.

Ээлеген кызматынан бошотулгандар:

- Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги А.Тагаев;

- Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги З.Ормонов;

- Сузак РИИБдин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, милициянын майору А.Бакиров;

- Сузак РИИБдин башчысынын орун басары — кылмыш иликтөө кызматынын башчысы, милициянын подполковниги Б.Маткеримов. Катуу сөгүш тартиптик жазасы:

- Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча башчысынын орун басары Б.Кулжановго;

- Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Н.Долоновго;

- Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги С.Жумагуловго;

- Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын штабынын башчысы, милициянын полковниги М.Ташбаевге;

- Сузак РИИБдин башчысынын кызмат боюнча орун басары, милициянын майору К.Саркаровго;

- Сузак РИИБдин башчысынын кадр боюнча орун басары, милициянын майору Н.Далбаевага берилди.

Сөгүш берилгендер:

- Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлдөрү, милициянын полковниги Н.Жолоев жана А.Абдыраимов.

Тартиптик жоопкерчилиги оорудан сакайгандан кийин карала тургандар:

- Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары К.Рахманов;

- Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын кызмат боюнча орун басары Н.Сыдыков;

- Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын кадр боюнча орун басары М.Масиркулов.

«Жыйынтыктап айтканда жалпысынан 12 кызматкер тартиптик жазага тартылды, ээлеген кызмат ордунан 4 кызматкер бошотулду, калгандары жогоруда аталган тартип жазаларын алышты. Ал эми оорудан сакайгандан кийин 3 кызматкерге да кызматтык жоопкерчилик каралат», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

26-декабрда УКМКнын кызматкерлери Сузак РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысын жана анын кол алдындагы 2 кызматкерди кармаган. УКМК билдиргендей, кармалгандар кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып жатышат.

Ушул жылы 9-декабрда Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүндө 10 адамдан турган кылмыштуу топ курал-жарак колдонуу менен каракчылыкка барышкан. Анын кесепетинен Д.А. аттуу жаран бычактан жаракат алып, ооруканага түшкөн.

«Бирок Сузак РИИБдин кызматкерлери материалдар жетиштүү болсо дагы, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жүргөн жерин аныктоо жана аларды кармоо боюнча иш алып барган эмес. Милиция кызматкерлери кылмыштуу топтон ири суммада пара алышканы аныкталды. РИИБдин кызматкерлери шектүүлөрдүн туугандары менен бир нече ирет жолугуп, кылмышты жашыруу үчүн канча акча алууга макул экенин айтышкан», - дейт УКМК.

Ошондой эле, милиция кызматкерлери колго түшкөн жарандардан уруксат кагазы жок травматикалык тапанчаны алып, бирок аны каттабастан, өздөрүнө ыйгарып алышкан. Бул тапанча тинтүү учурунда Сузак РИИБдин ыкчам кызматкерлеринин кабинетинен табылган.

УКМК жогоруда айтылган кылмыштуу топтун 5 мүчөсүн кармады. Учурда топтун башка мүчөлөрүнүн жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости