www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аткаруу бийлиги жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле кылгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартыла тургандыгын эскертти.

Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдардын, ошондой эле, алар менен байланышта болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кармалышы айрым жетекчилердин кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганын, аракетсиздигин жана кылмыштарды жашырганын күбөлөндүрөт. Бул жагдайлар бийликтин аброюна терс таасир тийгизип, элдин өлкө жетекчилигине болгон ишеничин кетирип, мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча аракеттерди жокко чыгарууда.

Укук коргоо органдары жана прокуратура мыйзамдуулукту жана биримдикти камсыз кылуу, мыйзамдуулукту чыңдоо, жарандын жана коомдун мыйзамдуу таламдарын коргоо, ошондой эле, кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн органдар болуп саналат.

УКМК кылмыш тууралуу билдирген жарандардын кайрылууларына жергиликтүү бийлик органдарынын кызмат адамдары тарабынан аракетсиздик жана шалаакылык жасалса, алар кылмышкерлер менен шериктеш деп бааланарын эскертет.

Укук коргоо органдарынын аракетсиздигинен улам кылмыштын курмандыгы болгон жарандар арыз менен УКМКга же сотко кайрыла алышат. УКМКнын ишеним телефон номуру: 0312 660475», - деп айтылат маалыматта.

УКМК буга чейин Кочкор жана Сузак райондорундагы милиция кызматкерлерин кармаган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн калкалаган деп айыпталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости