www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО – Көмүр же алтын казуубу – баары бир

Кечээ күнү «Кыргызалтындын» жетекчилиги толугу менен алмашылды. Анын башына – мындан үч эле ай мурда «Кыргыкөмүрдү» жетектөөгө дайындалган адам келди. Бирок алтынды башкарууга ал даярдалган, анткени эки жарым апта мурда аффинаж заводунун директорунун орун басарлыгына дайындалган. Мунун баары – бийлик үчүн көмүр же алтын казуу – баары бир экенин көрсөтөт.

«Кыргызалтын» мурда – шайлоодон тартып, чет өлкөгө дүкөнгө барып келүүгө чейин кеткен каражатты таап берген бийликтин «кошелёгу» болгон. Жаңы дайындоолор боюнча буйрукту Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду чыгарганы да кызык, анткени «Кыргызалтын» – 100 пайызга мамлекетке таандык акционердик коом.

Эгер ал жөн эле мамлекеттик ишкана болгондо, анын иши өкмөт үчүн ачык болмок, бирок акционердик коомдун эрежелери башка. Мисалга, «Бешинчи канал» дагы – 100 пайызга мамлекетке таандык акционердик коом, бирок анын өзүнүн жетекчилиги – бир кезде каналдын бюджетинен 80 млн сом кайда чыгырылып кеткенин эмгиче таба албайт.

Последние новости