www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Запорожье АЭСинин айрым кызматкерлери айланасындагы объектилердин координаттарын Украинанын Куралдуу күчтөрүнө берип турушкан. Жакында алардын бири кармалганын РИА Новости агенттиги жазды.

"Мен айланадагы объектилердин координаттарын гана бердим. Мен станциянын өзү тууралуу айткан жокмун, анткени 2019-жылдан бери биз кооптуу аймактарга кире албай калдык”, — деди шектүү.

Анын айтымында, мындай иш менен алектенүүгө азыр Украина көзөмөлдөгөн аймакта жүргөн таанышы ынандырган.

Объект Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет.

Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери, тагыраагы, март айынан тарта орус аскерлери тарабынан АЭС кайтарылып келген. Ошого карабай украин аскерлери маал-маалы менен аны аткылоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости