www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвадагы атактуу Физтех институтунда чет тил катары англисче менен кошо кытай тили да киргизиле баштаган, студенттер ага каршы чыгып, митинг өткөрүп, студсовет кол чогулткан, бир аптадан кийин ректорат өз чечиминен баш тартты. Эми англис тили менен катар немис, француз, испан тилдерин окуй берсе болот.

Израилде премьер Нетаньяху сот реформасын баштаган, анын жыйынтыгында Жогорку соттун чечимдерин парламент жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк алып калмак. Миңдеген адам көчөгө чыгып, 3 ай бою митинг өткөрдү, акырында Нетаньяху мунаса табалы деп ишти убактылуу токтотту. Грузияда чет элдик агенттер тууралуу мыйзам биринчи окууда өткөн, миңдеген адам бир апта бою күнү-түнү митинг өткөрүп, ал мыйзамды алдырбай койду.

Францияда пенсияга чыгуу жашын жогорулатууга каршы миңдеген адам эмгиче митинг өткөрүүдө, мыйзам парламентте добуш берүүсүз кабыл алынды. Кыргызстанда өз кезинде пенсияга чыгуу жашы көтөрүлгөндө, эч ким деле каршы болгон эмес. Чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам эки окууда кабыл алынган, бирок кийин парламент алмашып, үчүнчү окууда өтпөй калган. Өтө деле чоң митинг болгон эмес, мындай аракеттерге жарандык активисттер гана каршы чыгат, бирок бийлик аларга көңүл деле бурбайт.

Последние новости