www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Генерал Молдомуса Конгантиевди эскерүү

"Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгенибиз үчүн биз барбыз" 
Чыңгыз Айтматов

31-март өзгөчө дата. Генерал Молдомуса Конгантиевдин туулган күнү. "Баатырды тарых жаратат, тарыхты эл жасайт" дейт элибизде. Нагыз эмгектин күчү эмнеде?! Көзүбүз көрбөгөндү көргөзүп, жүрөгүбүз туйбаганды аңдаткан өзүбүздө жок нерсени келиштирип чиймелеген кудуретинде. Генерал Молдомуса Конгантиев генералдардын генералы, аскердик айдынында сап башындагы профессионал кесипкөй. Тилинде мөөр басылган, өз эли-жерин сатпаган, мундир сөзүнөн кайтпаган, керт башын сая кызмат кылган мыйзамдын адамы эле. 

Аттан аттын неси артык, Ашыра баскан изи артык,
Эрден эрдин неси артык, Элине күйгөн жаны артык, деп кыргыз каганатын түптөгөн Барсбек балбандай нечендеген кыргыздын кыраан уулдары өткөн дүйнөдөн. Кыргыз жашап турганда кыргыз генинде бар мына ошол арстан айбат, көк жал сүрү баатырдык кулк мүнөздүн учугу уланып келген. Жашоо кечиргениң эмес, эсте каларлык эмгектин үзүрү баалуу, барктуу болот дешет элибизде. Андыктан "мен жасадым!" деп, көкүрөк койгулаганың бекер, ал эми көмүскөдө жасаган ишиңди элиң алкап, барктап алары өзүңдүн кимдигиңди тастыктап турбайбы. "Мен ким элем, ким болдум" деген суроого өзүң жооп издебестен ошол жоопту элиңден алган кандай бакыт. 

Өзүңдү океандын бир тамчысы катары көрбө, бир тамчынын ичинде катылган терең океансың деп Мевлана айткандай, пендени чыныгы адам кылып такшалтып тарбиялаган-бул эмгектин үзүрү. Кимде-ким жаштайынан тарта төбөсү менен жер казып, өз акылы, ой-туюуму аркылуу чын ниети менен эмгектенсе ал ошончолук деңгээлде тарбиялуу, сабырдуу, ынсаптуу-ыймандуу өсүп, турмуштун кандай кырдаалдарында болбосун, өзүн башкаларга караганда көз-карандысыз эркин сезет. Генералдын эң чон устаты бул - тажрыйба болду. Эң  негизги сапаты - бул өз ишине бериле калыстык менен иштеди.

Акын Байдылда Сарногоевдин . «Чоку болот тоолордун бийик жери, чокудай бол кыргыздын жигиттери» деген эки сабы, жүрөгүнүн кагышы элим-жерим деп соккон кыргыздын чыныгы мырзасына гана жарашат. Кантсе да чынжырдын сапаты эң жука жеринен бекем эмеспи. Генералдык сүрү, арстандай айбыты, темирдей тартиби, саясатта туруктуулугу, жигитче сөзүнө турган сапаты менен элдин кадыр-баркына арзып келген. Адал иш, түз жүрүү кечээкиңдин пайдубалы түптөлүшүнө  бүгүнкүңө абийир, эртеңкиңе өрнөктүр!.. Молдомуса Конгантиев деген ысым келечектеги генералдарга адал иш, кечээкиңдин пайдубалы түптөлүшүнө бүгүнкүңө абийир, эртеңкиңе өрнөктүр!..

Өмүр эмес атыңды ыйык сакта,

Түбөлүктүү даңк болбойт мындан башка деп ойчул Жусуп Баласагын айткан экен. Чындыгында атак-даңкты көтөрүп, татыктуу алып жүргөн атактууларыбыз сейрек. Генералдардын атасы, Молдомуса Конгантиев мына ошол сейректердин бири эле. Ой толгооп башым жарылгыдай ой түбүнө жетпедим, көзүм канып көөнүм толгондой көрк түбүнө жетпедим дегендей, калдайган калкым эртеңи барда, тирүүлүктүн жолу улана бермекчи.

Элдик уул, чыныгы генерал Молдомуса Конгантиев өмүрүнүн акырына чейин калкка кадырлуу болуп каза тапты.

Чанда жаралчу инсандын туулган күнүн утурлай NazarNews маалымат агенттиги эскерүү даярдады. 

Кыргыздын чыгаан уулдары маркум генералдын эрдиги тууралуу айтып беришти.

Толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар:

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости