www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы Баткен, Кербен жана Жалал-Абад шаарларындагы аэропорттор кандай жаңыланып жаткандыгы тууралуу маалымат берди.
"МЭА" ААК башкаруучулугунун төрагасы Манасбек Самидинов 30-31-мартта аталган аэропорттордо болду. Ал Баткенде асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин жана учак токтотуучу жайларын оңдоо жана калыбына келтирүү иштери менен таанышты. Самидинов Кербен жана Жалал-Абад аэропортторунда оңдоо-калыбына келтирүү иштерине даярдыкты көрдү.
"Жалал-Абад аэропортунун кире беришиндеги короо аянтчасын жакшыртуунун алкагында стела орнотулду. Учурда аэропортко темир конструкциядан тосмо орнотуу иштери жүрүп жатат", — деп билдирди “МЭА” маалымат кызматы.
Самидинов жаңыланган аэропорттор башка аймактар үчүн авиациялык инфраструктураны өнүктүрүүнүн жакшы үлгүсү болоруна ишеним билдирди.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда ички каттамдар жанданарын билдирген.